Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7 -июну № 41
Каргалык айылдык кенешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун билим берүү тармагында балдарга билим жана татыктуу тарбия берүү жаатында талыкпаган эмгеги жана коомдук саясий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн № 13 М. Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүучү орто мектебинин, директору Аттокуров Сапар Аразович Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлсүн.
2. Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» наамын төш белгиси менен алуу жагы белгиленсин.
3. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык кенешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |