Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21 -июну № 45
Каргалык айылдык кенешинин "Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча" туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мейманбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын 16.06.2017-жылы №19 кайрылуусу эске алынсын.
2. Райондук "Тазалык" мекемесинин имаратын 2017-жылга карата арендага алгандыгына байланыштуу 2221 (учурдаты мүлктү оңдоо) беренесинен 2213 (аренда акы төлөө боюнча) беренесине 40,0 сом которулуп берилсин.
3. Ремонтко каралган акча каражатынан аренда акыга бөлүнүп берилген 40,0 сом акча каражаты кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаты менен толукталын, техникалардын ремонту үзгүлтүккө учуратылбасын.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Е. Кашкариевага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айындык кенешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырынсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |