Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28 -июлу № 47
Каргалык айыл өкмөтүнүн "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовдун 2017-жылдын алты айында жүргүзгөн иштери боюнча отчету Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовдун алты айлык отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл" өкмөтүнүн алдындагы "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовдун 2017-жылдын алты айында аткарган ишиндеги кетирген кемчиликтерин жана баа берүүдө депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондугун эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы талаачылык жумуштарын аткарууга коюлган норма-расценкаларына тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
3. "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатына 625,7 миң сом план бекитилип, 2017-жылдын алты айы ичинде 167,8 миң сом киреше түшкөндүгү же 26,8 пайыз болгондугу белгиленсин.
4. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарууга жетише албай калган иштерди экинчи жарым жылдыкта аткаруу жагы "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго милдеттендирилсин.
5. Ушул жылдын аягына чейин кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатын толук өндүрүү жагы "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы "Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүкүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |