Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28 -июлу № 48
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеӊешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери айрым кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү негизинен аткарылгандыгы белгиленсин жана аткарылбай калган бөлүмдөрдөгү жумуштар 2017-жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен аткарууну колго алуу жагы милдеттендирилсин жана жылдык бюджетке каралган бөлүмдөр то лугу менен аткарылышын камсыз кылуу жагы эскертилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерди, бала бакчаларды отун, көмүр менен өз убагында камсыз кылуу жана жылуулук берүүчү котелдорун жакшылап сапаттуу ремонттон өткөрүү жагы колго алынсын.
4. МТС муниципалдык ишканасына долбоор боюнча айыл чарба техникаларын алууну колго алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К Аразовго милдеттендирилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнө сырт жактан инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу «Таза кызмат» муниципалдык ишканасына каралган чарбалык буюмдарды сатып алуу 2222 беренедеги үнөмдөлгөн 80,0 миң сом акча каражагы кайрадан көчөлөрдү жарыктандырууга жумшалсын.
7. Эгин opуп-жыюу өнөктүгүнө карата 2017-жылдын 5-августуна чейин эки комбайнды толук кандуу даярдыкта алып чыгуу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго тапшырылсын.
9. Бул токтом Тогуз-Торо райондук, мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |