Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28 -июлу № 52
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы «Миң - Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү зарылдыгын жана жамааттын талабын эске алуу менен угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы «Миң - Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. «Миң - Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен Каргалык айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р. Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |