Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын катынын негизинде шаардык кеңештин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Таштанбаев Мырзабек Таштанбаевич чыгарылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Толубаев Замирбек Бостонбаевич чыгарылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмийсайтында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |