Редакцияот 11.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VIII-чакырылыш кезектеги VI-сессия

 

2018-жылдын 11-апрели № 3

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин балансында турган Панфилов көчөсү, №11 дарегиндеги эки бөлмөлүү имаратты Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк медицина борборуна оперативдүү башкаруу өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 12.02.2018-жылдагы чыг.№06-5/93-сандуу катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын чечимине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын Панфилов көчөсү, № 11 дарегиндеги 2 (эки) бөлмөлүү имаратты Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк медицина борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.

2. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) муниципалдык менчиктеги имаратты оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап, мыйзам чегинде имаратты Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк медицина борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү, оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышына, өз убагында учурдагы жана капиталдык ремонттон өткөрүү жагы Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк медицина борборунун координаторуна (М.Миянов) жүктөлсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдетендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

М. Тагаев