Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-апрели № 5
Жалал-Абад шаарынын тургуну Б. Мамановго тийиштүү болгон Ленин көчөсүндөгү жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө, «Дан Юг» ЖЧКнун жана «Жалал-Абад Нан» ЖЧКнун менчигиндеги жер тилкелеринин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө каттарын жана каттарга тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн 129-кварталында жайгашкан, жалпы аянты 1041,55 чарчы метр жер тилкесин «Р-2» (сквер) зоналык категориядан «Ж1» (турак жай) зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Строителей көчөсү № 40, 109-кварталында жайгашкан «Жалал-Абад Нан» ЖЧКна караштуу 8800 чарчы метр жер тилкесин «П-1» (өнөр-жай) зоналык категориядан «Ж-3» (турак жай) зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсү,111 дарегинде жайгашкан «Дан Юг» ЖЧКна караштуу 4027 чарчы метр жер тилкесин «П-1» (өнөр-жай) зоналык категориядан «Ц-2» (коммерциялык багыт) зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. Тагаев |