Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 59
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылдын 3-майындагы № 01-18/432 чыгыш сандуу «Ынтымак» балдар бакчасында 2 кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ынтымак» балдар бакчасында 2 кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин
2. Кошумча тайпалардын ачылуусун уюштуруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |