Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июну № 62
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылдын 14-июнундагы № 02-10/02-654 чыгыш сандуу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясынан 1515360 сом акча каражатын Сүлүктү шаардык мэриясынын 3111 статьясына жылдыруу жөнүндөгү каты тууралуу шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясынан 1515360 (бир миллион беш жүз он беш мин үч жүз алтымыш ) сом акча каражаты Сүлүктү шаардык мэриясынын 3111 статьясына жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |