Редакцияот 31.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-октябры № 10/38

Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы жөнүндө

 

Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык объектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун абалы жана азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык объектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабынын маалыматы эске алынсын.

2. Кызыл-Кыя шаарындагы социалдык объектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабка милдеттендирилсин:

–        шаардагы социалдык объектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүп, күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин кабыл алынган иш пландардын негизинде 2017-жылдын 15-ноябрына чейин толук аягына чыгаруу жагы;

–        шаардын РЭТинин, жылуулук берүү мекемесинин жана “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын иштерин такай көзөмөлгө алып, шаардагы социалдык объектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме-уюмдарды 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинде электр, жылуулук энергиялары жана ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрайым

У. Дарипова