Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры № 10/39
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарында спорт, маданият жана миграция тармагында болуп жаткан иштер жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчилигине шаардын жергиликтүү бюджетинен спорт тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, жаштарды спортко тартуу, аларды сергек турмушка багыттоо жана келечекте шаардык, облустук, республикалык жана дүйнөлүк чемпионаттардын жеңүүчүлөрү болуп тарбияланыштары үчүн максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Спорт, жаштар жана маданият иштерин активдештирүү жана жаштар менен жакындан тыгыз иштөөсүнө шарт түзүү максатында Кызыл-Кыя шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн аппаратын шаардын Жаштар борборунун имаратына, Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн аппаратын шаардын маданият үйүнүн имаратына 2017-жылдын 31-декабрына чейин көчүрүү шаардын мэрине жүктөлсүн.
4. Кызыл-Кыя шаарынын маданият бөлүмүнө:
- маданият тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди жоюу, кабыл алынган иш пландарынын негизинде тийиштүү иш чараларды алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы айылдардагы маданият үйлөрүн (клубдардын) толук кандуу иштөөсүн колго алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын м.а. А. Арчабаевге милдеттендирилсин:
- жумушсуз жарандарды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү, өндүрүшкө жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутууну уюштуруу жагы;
- жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча иштерди активдештирүү жагы;
- мекеме ишканаларда пайда болгон бош жумуш орундарын аныктап, ай сайын шаардык ЮТС телерадиокомпаниясы жана жергиликтүү гезиттер аркылуу жарыялоону уюштуруу жагы.
6. Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаардык калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнө (А.Х.Пазылов) шаардагы ички жана тышкы мигранттардын санын өз убагында аныктоо, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүү жагы тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |