БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2018-жылдын 19-марты № 01-08/10
Шаардын Кызыл-Дөң АТОсунун Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн түштүк тарабына жеңил типтеги сулуулук салонун убактылуу ижаралык ыкма менен курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык жана шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн айланасынын архитектуралык обльигин жакшыртуу, көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулар үчүн шарт түзүү максатындагы шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 28-февралдыга №02-6/118 катынын, шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 2-мартындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн түштүк тарабындагы 30 м2 жер аянтына жеңил типтеги сулуулук салонун 5 жылдык мөөнөт менен ижаралык ыкмада берүүгө макулдук берилсин.
2. Жеңил типтеги сулуулук салонун куруу үчүн конкурстук негизде ижаралык ыкмада берүүнү уюштуруу жагы Баткен шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |