Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 01-08/11
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2015-жылдын 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык жана баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылдын 1-мартындагы №02-6/124; №02-6/127 каттарынын негизинде” жер аянтын сатууга макулдук берүү жөнүндө” катына, Баткен шаардык курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 2-мартындагы протоклунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында (Султанова Махабаттын үйүнүн жанында) 300 м2 ашыкча жер аянты, шаардын Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөсүндө (А.Касымовдун үйүнө жанаша) 500 м2 ашыкча жер аянттары аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги аталган жер аянттарынын мыйзамдуу жол менен аукцион аркылуу сатыкты уюштуруу жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |