Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты № 01-08/14
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101-Мыйзамынын 31-статьясынын 13-пунктуна ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 22-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 31 штат сан эсеби 2018-жылдан тартып 6 штат бирдиги кыскартылып, мындан ары 25 штаттык бирдиги менен иш жүргүзсүн:
2. Баткен шаарынын мэриясы муниципалдык менчик департаментинин штаттык курамын кайра уюштуруу максатында комиссиянын курамын түзүп, иликтеп зарыл болгон штаттык бирдиктери калтырсын;
3. Кыскартылган штаттык бирдиктердеги ээлеп турган кызматкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде компенсацияларды берүү муниципалдык менчик департаментинин директору А.Акматовго жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |