Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 2 -августу № 3
Каду айылынын тургуну Бобошев Талантбек Абдуллаевичтин жана Каду айылынын тургундарынын №67 Кайыпов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги жер аянтына спорт зал куруу жөнүндөгу кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Каду айылындагы № 67 Кайыпов атындагы жалпы билим берүүчу мектептин муниципалдык менчиктеги жер аянтынан спорт зал куруу үчүн 0.10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке жүктөлсүн.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Бобошев Талантка милдеттендирилсин.
Төрага | М. Супатаев |