Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 86
Жайыт комитетинин башчысы З.К. Шейшеновдын маалыматын угуп жана талкуулап,жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана жайыт жерлерин рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу максатта Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016 жылдагы планы бекитилсин
2. Жайыт комитети сунуштаган жайыт жерлерин пайдалануу үчүн 2016 жылга төлөмдөрү төмөндөгү көлөмдө бекитилсин:
-бодо малга -бир баш учун -109 (Жуз тогуз)сом
-бодо мал (торпоктор)-76,30(жетмиш алты сом 30 тыйн)
-майда мал жандыгына-бир башы үчүн 21 сом 80 тыйн ( жыирма сом 80 тыйн)
-жылкыларга-бир башына -109(жуз тогуз) сом
3. Жайыт жерлерди башка багыттарда пайдалануу максатта төлөмдөр бекитилсин: -дары чөптөрдү чогултуу(бир тамырга) -10(он)сом
-бал челек кармоо (бир бал челекке)-100 сом(жуз сом) -туризим жана жарандардын эс алуусу-100 сом(жуз сом) -охота жана капкан орнотмо -500 сом (беш жуз)сом
3. Жаштанддыларга айып салуу -1000 сом (мин сом)
4. Туз айылдык округунун жайыт комитетине пайдаланган жайыт жерлери үчүн саль» төлөмдөрүн чогултуп,жергиликтуу бюджетке жөнөтүү жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө. айылдык кеңештин бюджет жана каражат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрөга | А. Тойалиева |