Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16 -марты № 8
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын 2017-жылдагы аткарган иштери кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылга такталган план 28827,3 мин сом болуп бекитилсе, ал эми иш жүзүндө 27327,7 миң сомду түзүп, 94,7 % га аткарылган же бюджетке 1499,6 миң сомдук кошумча киреше кем түшкөн жана чыгаша бөлүгү 37004,9 миң сом белгиленип, кассалык чыгым 34838,0 миң сомду түзүп 94,1% га аткарылгандыгы жана бюджетке чегерилүүчү салыктын айрым бир түрлөрүнүн аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2017- жылга карата такталган план боюнча айрым салыктын түрлөрүнөн план аткарылбай калгандыгын эске алуу менен 2018-жылга карата белгиленген пландан чыгуу жагы кирешелер боюнча башкы адис Т.Акматовага милдеттендирилсин.
4. 2017-жылга бекитилген бюджетинин калдыгы 314632 сом, атайын каражаттардан 633535 сом мунун ичинен 160695 сом "Таза-Кызмат" муниципалдык ишканасынан кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаттарынан калган калдыктары белгиленсин.
5. "Таз-Кызмат" муниципалдык ишканасын сактап калуу жана чарбалык иш жүргүзүү дараметин жогорулатуу максатында, 2018-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн каражаттан мүмкүнчүлүкө жараша кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Жолдорго асфальт жасоо Ороков, Сейдалиев көчөсүнөн калган калдык сумма 300,0 миң. сом курулуш иштери боюнча 3111 беренесине, 14,6 миң сом Тогуз-Торо райондук СЭС.кемесине ар кандай чыгым 2215 беренесине жалпы: 314,6 миң сом башкаруу тармагына бөлүнүп берилсин.
7. Атайын каражаттардан калган 633,5 миң сом калдыктан башкаруу тармагынын ар кандай проектилерге 31,6 мин сом 2215 беренесине, 160,7 миң сом турак жай тармагындагы ар кандай чыгым боюнча 2215 беренесине, бала бакча тармагына караштуу 441,2 миң сом 2218 тамак ашка 2218 беренесине, жалпы 948,1 миң сом бөлүнүп берилсин.
8. 541,0 мин сом майрамдык иш чараларга каралган акча каражаттар 2215 беренеден, финансы министрилигинен коюлган программанынын негизинде социалдык тармактар боюнча 2721 беренесине жылдырылып берилсин.
9. Жолдорду бодурлоого каралган 3111 беренедеги акча каражатынан 50,0 миң сом социалдык тармак боюнча 2721 беренесине жылдырылып берилсин.
10. "Таза-Кызмат" муниципалдык ишканасынын 03.03.2018-жылдагы №14 кайрылуусунун негизинде кызмат көрсөтүүдөн калган 160,7 миң сом калдыктан, таза сууга керектелүүчү тетиктерге 53,8 миң сом 2215 беренесине , таштанды чыгарууга 106,9 миң сом 2215 ар кандай чыгым беренесине , жалпы: 160,7 мин сом бөлүнүп берилсин.
11. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго тапшырылсын.
12. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
13. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы А.Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |