Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16 -марты № 10
2017-жылда Каргалык айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн иштер тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017- жылда Каргалык айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери, кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылга такталган план 28827,3 миң сом болуп бекитилсе, ал эми иш жүзүндө 27327,7 миң сомду түзүп, 94,7 % ке аткарылган же бюджетке 1499,6 миң сомдук кошумча киреше кем түшкөн жана чыгаша бөлүгү 37004,9 миң сом белгиленип, кассалык чыгым 34838,0 миң сомду түзүп 94,1% ке аткарылгандыгы жана бюджетке чегерилүүчү салыктын айрым бир түрлөрүнүн аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттен толук каржыланган курулуштарды келишимдеги көрсөтүлгөн мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Айыл аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчүн, инфраструктурасын жакшыртуу максатында инвестиция тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу натыйжалуу жүргүзүлсүн.
5. "Саз", "Демилге" жана "Ынтымак" участкалары боюнча трансформациялоого документтерди даярдоо менен жогорку мамлекеттик органдарга сунуштоо 2018-жыл ичи бүткөрүлсүн.
6. Аймактын аксакалдар соту, карыялар жана аялдар кеңештери, жаштар комитети жана башка коомдук уюмдар менен тыгыз иш алынып барылсын.
7. "Тунук-Туз" кени боюнча мыйзамдуулугун карап, келерки сессияга маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
8. Каргалык айыл аймагында жайгашкан Макмалалтын филиалына караштуу "Нур-Жайык" кичи шаарчасынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен скамейка,беседка,очоккана куруу үчүн материалдар алынып ЖКХ мекемесинин жетекчиси А.Токтоналиевге өткөрүлүп берилгендиктен,курулуш жумуштарын тез арада бүткөрүү жагы Макмалалтын филиалынын директору К.Б.Дыйкановго милдеттендирилсин.
9. Өз деңгээлинде иш алып барбагандыктан "Таза-Кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К.С.Аразовдун кызмат ордун кароо айыл окмот башчысына сунушталсын.
10. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
11. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
12. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы А.Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |