Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16 -марты № 12
«Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын директору С.Б.Кеңешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кецешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн жашочуларынын чогулушунун 2018 жылдын 14 марттагы № 8 протоколу жактырылсын.
2. «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасына айыл чарба шаймандарын жана электраспаптары № 1 тиркемеге ылайык алынсын.
3. Айыл чарба шаймандарын жана электраспаптарын алуу үчүн, Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фонду мекемесине долбоор сунушталсын.
4. Долбоорду даярдоо үчүн атайын демилгечи топ түзүлсүн.
5. Долбоорду жазып сунуштоо жагы «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын директору С.Б.Кенешовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы МАкматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кецешинин «Бюджет,экономика,инвестиция,муниципалдык менчик,ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы А.Мейманбековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |