Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18 -майы № 13/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/374 14.05.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХIII - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы ХРУ «Шар-Булак» ишканасы шаар ичиндеги суу түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө ЕБРР аркылуу өтүп жаткан долбоорго катышсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын өнөр-жай курулуш жана коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси Ж.Камбаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |