Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23 -майы № 14/1
25.01.2018-жылдагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген 10/1 токтомунда 2018-жылдын 1-январына калган калдык эсебинен мэрия аркылуу дем берүүчү грантка берилген долбоорлорду колдоого 517,0 миң сом акча каражаты каралган, айтылган долбоорлордун өтпөй калгандыгына байланыштуу мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү максатында Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары мекеме-ишканалардан түшкөн кайрылууларды карап, талкуулап, (VII чакырылыштагы кезектеги ХIV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 517,0 мин сом акча каражаты төмөнкү мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлсүн:
- Алыбаев атындагы БЧБ жетекчиси Н.Каленованын 22.05.2018-жылдагы №01/08/7 кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарында өтө турган VII–илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн 10 000 (он миң) сом бөлүнсүн;
- Мэриянын 21.05.2018 жылдагы №1-12/391 сандуу кайрылуу катынын негизинде 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү III-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнсүн;
- Шаардык мэриянын 21.05.2018-жылдагы № 1-12/388 кайрылуусунун негизинде шаардык мэриянын электр-энергиясын төлөө үчүн 50 000 (элүү миң) сом, акылдуу счетчик сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом бөлүнсүн;
- Шаардык мэриянын 26.03.2018-жылдагы № 1-12/193 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы стратегиялык объектилерди коргоо үчүн видеобайкоо орнотууга 40 000 (кырк миң) сом бөлүнсүн;
- Шаардык мэриянын 21.05.2018-жылдагы №1-12/394 сандуу кайрылуу катынын негизинде шаардык мэриянын имаратындагы өрт өчүрүүчү щитке керектелүүчү шаймандарды алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнсүн;
- Коммуналдык менчик департамнтине Ленина көчөсүнүн электро-энергиясын төлөө үчүн лицевой счет ачууга 10 000 (он миң) сом бөлүнсүн;
- Шаардын Маданият бөлүмүнө 30 000 (отуз миң) сом бөлүнсүн;
- КМД башчысы И.Ходжамбердиевдин 22.05.2018-жылдагы №37 сандуу кайрылуу катынын негизинде таштанды алуучу автоунаага мамлекеттик номер жана техпаспорт алуу үчүн 5 000 (беш миң) сом бөлүнсүн;
- Коммуналдык менчик департаментине жолдорду оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн;
- Шаардык мэрияга компьютер сатып алуу үчүн 30 000 (отуз миң) сом бөлүнсүн;
- Коммуналдык менчик департаментине компьютер сатып алуу үчүн 30 000 (отуз миң) сом бөлүнсүн;
- Коммуналдык менчик департаментине кароосуз калган иттерди атуу үчүн 10 000 миң сом бөлүнсүн;
- Калган 117 000 миң сом акча каражатын шаардык билим берүү бөлүмүнүн электро-энергияга болгон карызын жоюуга бөлүнсүн.
Жалпы: 517 000 (беш жүз он жети) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- 2018-жылдын III-кварталына 2214 (автоунаа тейлөө кызматы) статьясына каралган 9000 миң сом акча каражаты II- кварталга, ошого байланыштуу бюджеттин баланстуулугун кармоо максатында 2018-жылдын II-кварталында 2222 (жабдууларды алуу) статьясына каралган 9000 миң сом акча каражаты III- кварталга жылдырып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жана шаардык Финансы башкармасынын башчысы Э.Караевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |