Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-февралы № 1
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 17-ноябрь 2014-жылдагы № 176-6 буйругунун негизинде Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын чыгыш тарабындагы № 1104 контурунда камтылган жайыт жеринен ондуруш, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которулган 1500 кв.м жер аянты боюнча укуктук абалды аныктоо жонундо
Угулду: Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл окмот башчысы Ш.Жумабекова тиешелуу жер адиси жана комиссия мучолорунун баяндамасын угуп жана талкуулап
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын чыгыш тарабындагы № 1104 контурунда камтылган жайыт жеринен ондуруш, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которулган 1500 кв. м жер аянты Нарын жогорку чыналуудагы элекр тармактар ишканасына кыска моонотко 5(беш) жылга пайдаланууга ижарага берилсин
2. Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдуу нормаларына ылайык келишим тузуу жагы айыл окмот башчысы Ш.Жумабековага жуктолсун. Ижара акысы салык социалдык камсыздандыруу жана ижара акы чегеруулору менен бирге эсептегенде 1500 кв. м жер аянтына бир жылга 8000 сом эсебинде белгиленсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh- region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Исаков |