Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 5
Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын карамагындагы «Тектир-Саз», «Бөрүлү», «Кызыл-Чыбыр» жазгы-кышкы жайыты жана «Сары-Жон» күзгү жайыты такырланып, деградация абалына жеткендигине байланыштуу эс алдыруу максатында 5 жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып иш жүргүзүү жагы жайыт комитетинин торагасы А. Өмүровго жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ш. Султаналиев |