Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-майы № 1
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2016-жылдары кыш мезгилине карата айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектеп, бала бакчаларга көмүр үчүн бөлүнгөн акча каражаты 2015-жылдын бюджета жетишсиздигине байланыштуу 45 тонна эсебинде каржылансын.
2. Көмүр үчүн бөлүнгөн акча каражатын 2015-жылы каралып бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү менен каржылоо жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ш. Султаналиев |