Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-сентябры № 2
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ыссык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 15.09.2015-жылдагы №01-08/389 корутундусунун №4 под пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба багытында эмес жерлерден түшүүчү 185,2 миң сомдук салык төлөмдөрүн тактап, аныктап 2016-жылдын бюджетине киргизүү жагы жер адиси Т.Садыгалиевге жана ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
2. «Эне мектеби» балдар бакчасынан ата-энелерден түшүүчү 4,4 миң сом род. взносун өндүрүү жагы бала бакча башчысы Д. Апышовага милдеттендирилсин.
3. КБФсунун жерлерин рационалдуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө жагы жер адиси Т.Садыгалиевге жүктөлсүн, бюджеттик төлөмдөрүн көзөмөлдөо жагы ФЭБүнө милдеттендирилсин
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ш. Султаналиев |