Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-октябры № 1
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «СГБ - Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна Сары-Айрык участкасынан 216,5 га аянтка алтынга геологиялык изилдоо иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин № 4276 АП № 01939 сериясындагы 28-июль 2015-жылдагы лицензиясынын негизинде уруксаат берилсин.
2. «СГБ - Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна № 4276 АП 28-июль 2015-жылдагы лицензиясында көрсөтүлгөн макулдашуу боюнча талаптарды аткарууну камсыз кылуу жана сактоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ш. Султаналиев |