Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-декабры № 3
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек айылынан 0,02 га жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Нур Телеком» Жоопкерчилиги чектелген коомуна Жалгыз-Терек айылынын кире беришинин күн батыш тарабынан 0,02 га жер участогун 2 жыл 11 айга убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. «Нур Телеком» Жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, мыйзам чегинде иш жүргузүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага, бөлүм башчы Р. Амановага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh- region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Ш. Султаналиев |