Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы

 

2018-жылдын 9 -февралы № 3

Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

 

«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын 2 жылдык мөөнөтү аяктагандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-2-3-4-7-пункттарына ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдеги мүчөлөрүн толуктоо учун сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын (тизме тиркелет).

3. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Жунусакунов