Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9 -февралы № 4
«Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы Т.Базаркуловдун "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштери боюнча Тогуз-Topo районунун элинин жалпы жыйыньшын 07.02.2018-жылдагы № 1 протоколун жана Каргалык айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн 08.02.2018-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштери боюнча Тогуз-Topo районунун элинин жалпы жыйыньшын 07.02.2018-жылдагы № 1 протоколу жана Каргалык айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн 08.02.2018-жылдагы кайрылуусу белгиленсин.
2. "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧК тарабынан курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштери боюнча Тогуз-Topo районунун элинин жалпы жыйыньшын 07.02.2018-жылдагы №1 протоколундагы фабриканын ишин токтотуу жөнүндөгү токтому колдоого алынып, курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштери токтотулсун.
3. Бул токтом Тогуз-Topo райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жаты Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы Т.Базаркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жунусакунов |