Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 3
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу электр эсептегичтерди орнотуу боюнча Курманбек айыл өкмөт башчысынын сунуштарын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу, электр эсептегичтерди орнотуу үчүн кошумча булактан акча каражатын издеп табуу жагы айыл өкмөт башчысына жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |