Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 4
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык 2017-жылдын бекитилген чыгымдарынан мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн каражаттар боюнча Курманбек айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылындагы"Мээрим" балдар бакчасына тамак-аш азыктарын сатып алуудан үнөмдөлгөн 2,2 мин сом, Саты айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ондоосунан үнөмдөлгөн 12,8 мин сом, маалымат технологиялар тармагындагы тейлөө кызматтарынан үнөмдөлгөн 3,3 мин сом, айыл өкмөтүнө эмерек, компьютердик, офистик жана башка эмеректерди жана жабдууларды сатып алуудан үнөмдөлгөн 13,5 мин сом, айыл өкмөтүнө учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуудан үнөмдөлгөн 16,2 мин сом, Таран-Базар айылындагы китепканага компьютердик жабдуу алуудан үнөмдөлгөн 1,0 мин сом, айыл өкмөт башчысынын кызматтык автоунаасына тетиктерди алуудан 17,9 мин сом, күйүүчү май сатып алуудан 4,4 мин сом, Кара-Чолок айылындагы спорт залдын имаратынын курулушунан үнөмдөлгөн 47,9 мин сом, К.Осмоналиев жана Саты орто мектебине компьютердик жабдуу сатып алуудан үнөмдөлгөн 11,0 мин сом башкаруу болумунун товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүүлөрүнөн 131,6 мин сом, Калмак-Кырчын айылындагы О.Тажибаев орто мектебинин филиалынын чатырын алмаштыруу учун каралган 50,0 мин сом, Калмак-Кырчын айылындагы көпүрөнүн ондоо үчүн бөлүнгөн 50,0 мин сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарга багытталсын:
- Таран-Базар айылындагы китепкананын жетекчисинин Бишкек шаарына атайын окууга барган сапар чыгымын төлөп берүү үчүн 11,0 мин сом, окуусуна 2,0 мин сом.
- Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына компьютер сатып алуу учун 30,0 мин сом,
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге АСКУЭ электр эсептегичтерин коюу үчүн кызмат акысына 4,0 мин сом,
- Саты айылындагы ФАПтын жылытуу системасына атайын печка алуу үчүн 20,0 мин сом:
- Айыл өкмөтүнө концелярдык товар сатып алуу үчүн 10,0 мин сом,
- Айыл өкмөтүнүн орун басары менен айылдык кенештин төрагасына кресло сатып алуу үчүн 20,0 мин сом,
- Айыл окмотунун башчысынын орун басарынын автоунаасына кунуно 5 литрден 1 айга 100 литрден күйүүчү май сатып алуу үчүн 18,0 мин сом,
- Кара-Чолок айылындагы спорт залдын курулуп жаткан имаратын экспертизадан өткөрүү үчүн 30,0 мин сом,
- «Жоон-Күнгөй айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун жана «Таран-Базар айылынын мектепке чейинки балдардын билим чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн жана Саты айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ондоосуна технадзордун кызматына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 116 818 сом
-Сары-Булак, Саты айылына санариптик автоматтык телечагылдыргыч орнотууга техникалык имараты үчүн контейнер сатып алууга 100,0 мин сом бөлүнсүн.
2. 2017-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |