Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 6
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, муниципиалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу.жарандарга жана юридикалык жактарга муниципиалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын "Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтар жөнүндө" КР мыйзамынын , Кр Өкмөтүүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле "Курманбек айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын" жетекчиликке алуу менен Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципиалык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу жана муниципиалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтом тиркемелери менен бирге Курманбек айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ч. Тайгараев |