Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 7
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматынын негизинде жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2018-жылга долбоору 4646,9 мин сом, 2019-жылга божомолу 5205,7 мин сом, 2020-жылга божомолу 5255,7 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Курманбек айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен берилуучу тендөө грантынын көлөмү 2018-жылга долбоору 5575,9 мин сом, 2019-жылга 5768,3 мин сом, 2020- жылга 5768,3 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
3. Баланстуулукту сактоо менен 2018 -жылга долбоору 10 222,8 мин сом, 2019-жылга 10 974,0 мин сом, 2020-жылга 11 024,0 мин сом өлчөмүндө түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |