Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 8
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынан "Жергиликтуу денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунан грант иретинде айыл өкмөтүнө берилүүчү акча каражатынын жана долбоор үчүн жамааттын салымынын эсебинен Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарынын кирешелери жана чыгашаларынын планына өзгөртүү киргизүү сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. HELVETAS Sviss Intercooperation (ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн) Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен айыл өкмөтү ортосунда «Жергиликтщщ денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорун ишке ашыруунун алкагында 19.06.2017-жылы түзүлгөн №14-PSI-F сандуу алкактык макулдашуунун негизинде «Жоон-Күнгөй айылынын тургундарын ичуучу таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун каржылоого 3 200 956 сом, «Таран-Базар айылынын мектепке чейинки балдардын билим чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу» долбоорун каржылоого 800 000 сом, жалпы суммасы 4 000 956 ( Терт миллион тогуз жуз элуу алты мин) сом грант иретинде берилүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнү атайын каражаттарынын 14411100 (Учурдагы жардам) статьясына жана долбоорго жамааттын салымы менен демөөрчүлөрдүн салымы үчүн түшүүчү 1 200 000 сом акча каражаты атайын каражаттардын 14238900 (Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы) статьясына кириштелсин.
2. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарына кириштелген 4000 956 мин сом акча каражатынын 4 400 956 сому 70111-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулмалар) статьясына«Жоон-КүнгөЙ айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу» долбоорун каржылоого, ал эми, 800 ООО сому 70921-бөлүмдүн 3111 (Имараттар жана курулмалар) сатьясына «Таран-Базар айылынын мектепке чейинки балдардын билим ЧӨЙрөсүндө кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу» долбоорун каржылоого жумшоосу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |