Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 9
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, айылдык кенештин депутаттарынын сунушун карап чыгып, кенеши темендөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жоон-Күнгөй айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу" долбоорун жана "Таран-Базар айылынын мектепке чейинки балдардын билим чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу үчүн технадзордун кызматына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 116 818 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге АСКЭУ электр эсептегичтерин орнотуу үчүн кызмат акысына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 4090 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмзлдөө курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |