Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 2
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин бекитүү боюнча айылдык кенештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишимин бекитилсин.
2. Келишимде бекитилген шарттарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына жүктөлсүн.
3. 2017-жылдын 31-октябрына чейинки иштетилген акча каражаттары боюнча жоопкерчилиги жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Суюнбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Алимбетовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |