Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманбек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2017-жылдын 30-октябры № 3

«Курманбек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша болугунө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

 

Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык 2017-жылдын бекитилген чыгымдарынан мамлекеттик сатып алуулардан үнөмдөлгөн каражаттар боюнча Курманбек айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун карап чыгып, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн 55,0 мин сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу үчүн бөлүнгөн 8,7 мин сом, имараттар жана курулуштарга бөлүнгөн 122,5 мин сом, машиналар жана жабдууларды алуу үчүн бөлүнгөн 26,0 мин сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарга багытталсын:

-Жайыт комитетинин дагы башка кызмат көрсөтүүлөр статьясына жайыт комитетинин чыгымдарына 212,2 мин сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын ченемдерине ылайык "Жайыт жерлерин пайдалануу учун төлөмдү" эсепке киргизүү жана жайыт каражаттарын пайдалануу жөнүндө типтүү келишим бекитилсин жана типтүү келишимдин негизинде пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Суюмбаевке милдеттендирилсин.

3. 2017-жылдын бюджетинин сметасын түзүүдө Саты айылынын жолу үчүн бөлүнгөн 100,0 мин сом акча каражаты мамычаларды сатып алуу статьясына адашып коюлуп калгандыктан кайрадан ордуна жылдырылсын.

4. Айыл өкмөтүнө мамлекеттик кызматчьшарды окутуу үчүн болунгон акча каражатынан 20,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнө 1С бухгалтерия программасын орнотуу жана анын 1 жылдык коштоосу үчүн жылдырылсын.

5. 2017-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жуктолсун жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.

 

Төрага

Ч. Тайгараев