Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 5
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, айыл өкмөтүнүн жер тактоо комиссиясынын төрагасы И.Маматсабировдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер тактоо комиссиясынын 12.06.2017-жылдагы жаан-чачындын көп жаагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы 16,52 га үлүш жер аянтын, 9,8 га ижара жер аянтын сел каптап, түшүм алынбагандыгы жөнүндөгү актысы бекитилсин.
2. Жогорудагы жер аянттарынын салык төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Нарматовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |