Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 2
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы. муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатын , «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,
ТОКТОМ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесиндеги көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин. (2 стандарттын тиркемеси тиркелет)
2. Аталган токтом www. Kurmanbek- aimak. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айылдык кенештин мыйзамдуулук жана укук сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |