Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 3
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Курманбек айыл аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары - БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктоо үчүн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ЖОБО сун бекитүү үчүн төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктоого Биргелешке мониторинг жана баалоо тобунун ЖОБО су бекитилсин.
2. Аталган токтом www. Kurmanbek- aimak. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасы н ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айылдык кенешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |