Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 4
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Курманбек айыл аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында КТК (катуу тиричилик калдыктары )жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо айылдык кенештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КТК (катуу тиричилик калдыктары )жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Аталган токтом www. Kurmanbek- aimak. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |