Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 11/1
Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесинин 4-абзацына ылайык, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 166 сандуу сунушуна ылайык, Авлетим айыл аймагынын Мукур айылынын тургуну, эмгектин ардагери Абдрахманов Абдиназарга «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын тастыктаган күбөлүк-баракчаны жана тулку боюна илинүүчү тасманы даярдап, ардактуу наамды алган Абдархманов Абдиназарга тапшырууну уюштуруу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына [Шабданов К.М] жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |