Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/1
Авлетим айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г.Сооронбаеванын Авлетим айыл өкмөтү тарабынан социалдык багытта жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалымдамасын угуп, Авлетим айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айылдык аймактын калкын социалдык жактан тейлөөдө Авлетим айыл өкмөтү бир топ иштерди жүргүзгөн. Айрыкча социалдык-маданий тармакта көп аракеттер көрүлгөн. Айылдарды көрктөндүрүү, жолдорду, арыктарды тазалоо боюнча үч айлык жарыяланып, белгилүү децгээлде иштер аткарылган.
«Социалдык адилеттүүлүктүн» бир айлык акциясы жарыяланып, турмуш шарты оор, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында айыл аймагындагы жеке ишкерлер тарабыан 18 үй-бүлөгө 6100 сомдук азык -түлүк түрүндө жардам берилген.
Афган согушунун 5 катышуусуна 15000 сом, «Ак калпак» күнүн белгилөөгө 6000 сом. Аялдардын эл аралык күнүнө карата турмуш шарты оор коп балалуу энелерге акчалай жардамдар берилип, 5 баатыр энени Кербенге алып барып келгендиги үчүн 8000 сом акча каражаты жумшалган.
«Нооруз» майрамына карата өткөрүлгөн иш чараларга жана Итагар айылында жаштар арасында өткөрүлгөн «Сармерден» оюн-зоок программасы үчүн бардыгы болуп 35000 сом каражат сарпталган.
Ушундай эле Чернобль АЭСинин жарылуу апаатына катышкан жаран үчүн 3000 сом жардам берилген.
9-май - Улуу Жециштин 72 жылдыгына карата иш чараларды өткөрүүгө, белектерди берүүгө 45000 сом акча каражаты сарпталган.
1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бала бакчадагы 90 бөбөккө жана тоголок жетим, жарым жетим, турмуш шартыоор үй-бүлөлөрдө 25 балага белектер, жардамдар уюштурулуп, ага 12000 сом жумшалган.
Жалпысынан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүлгөн иш чараларга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 107000 сом акча каражаты бөлүнүп, сарпталган.
Айыл өкмөтүнөн жардам сурап кайрылган алты жаранга 19000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Резервдик фонддон жалпысы 33000 сом акча каражаты сарпталган. Демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар 16100 сомду түзөт.
Айылдык аймактын калкынын арасынан 2017-жылдын алты айына карата 382 үй-бүлө жөлөк пул алууда. Бул көрсөткүч 2016-жылы 633 үй-бүлөнү түзгөн. Демек, 2017-жылда жөлөк пул алуучулардын саны кескин азайган.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык Кеңешинин ҮПчакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык багытта жүргүзүлгөн иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г.Сооронбаеванын маалымдамасы көңүлгө алынсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын алты айында социалдык-маданийтармакта бир катар иш чаралардын өткөрүлгөндүгү ал эми калктын арасындагы аярлуу катмар менен иштөө салыштырмалуу жетишсиз экендиги белгиленсин.
3. Калк арасындагы социалдык жактан коргоого муктаж жарандардын өтүнүчтөрүн, арыздарын жана кайрылууларын эске алуу менен аларга максималдуу деңгээлде колдоо көрсөтүү жана камкордукка алуу боюнча жүргүзүлүүчү иштерди жандандыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча айылдык кеңешке 2017-жылдын 25-январына чейин жазуу түрүндө маалымат берүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Сооронбаевага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Шабданов К) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |