Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/2
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын төртүнчү сессиясы айыл өкмөтүнүн салык жыйноо боюнча адиси М.Мамытовдун билдирүүсүн угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Авлетим айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы киреше бөлүгүн толтурууда салык жыйноо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы бир топ жакшы. 2017-жылдын салык боюнча жылдык планы 2838,0 миң сомго болжолдонгон болсо, андан 8 айдын планы 2034,7 миң симго белгиленген. 2017-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча жалпысы 2374,1 миң сом салык жыйналып, жылдык план 83,65%га, ал эми 8 айлык план 116,7%га аткарылган. Айыл өкмөтү боюнча салыктын 14 түрүнүн бардыгы. 8 айдын жыйынтыгында ашыгы менен аткарылгандыгын сессия баса белгилейт.
Жылдык пландын көрсөткүчү боюнча там арка салыгы 102,0%, Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 105,8%, авто унаа салыгы 169,6%, сатуудан алынуучу салык 124,5%, лицензия кармап туруу үчүн салык 306,4% (25,0 мин, сом пландаштырылгандын ордуна 76,6 мин, сомго аткарылган) аткарылган.
Натыйжада 8 айдын жыйынтыгы менен алганда айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 339,4 миң сомго ашыкча аткарылган.
Бул ашыкча аткарылган салыктын лицензияны кармап туруу үчүн түшкөн салыктан 61,5 миң сомду жана автоунаа салыгынан түшкөн 205,2 мин, сомду 2017-жылдын бюджетине кириштеп, тийешелүү беренелер боюнча чыгымдоого мүмкүнчүлүк берет.
Ушундай болсо да жыл аягына чейин айыл чарба багытындагы жер салыгын (63,2%), ыктыярдуу патент көрсөткүчүн (67,0%), мүлк салыгын (77,5%) толук аткарууга салык инспекторлору көңүл буруулары зарыл экендигин сессия белгилейт.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын салык төлөмдөрүн жыйноодо жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Мамытовдун маалымдамасы көңүлгө алынсын.
2. Авлетим айыл өкмөтүнүн салыкчы адистери тарабынан 2017-жылдын салык төлөмдөрүн жыйноо боюнча жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
3. Салык төлөмдөрүнүн жылдык көрсөткүчтөрүн толук камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго »-милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (торагасы Назаралиев Ж.К) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |