Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/3
Күн тартибиндеги маселе боюнча Авлетим айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында (алты айында) жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчётун угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2017-жылдын алты айында Авлетим айыл өкмөтү тарабынан бир топ иштер аткарылган. Алсак, 2017-жыл үчүн бюджетин өз убагында кабыл алуу үчүн январь айында түзүлгөн графикке ылайык айылдык аймактын 9 айылынын тургундары менен коомдук угуулар өткөрүлгөн. Анда тургундар тарабынан айтылган сын-сунуштар айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн бюджетин кабыл алууда эске алышып, айрым талаптарды аткарууда бюджет эсебинен каражаттар мүмкүпчүлүккө жараша эске алынган.
Айыл өкмөтү тарабынан өкмөттүк эмес уюмдар менен алгылыктуу иштешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча аракеттер жасалган. Анын натыйжасында Авлетим жана My кур айылдарын жарыктандыруу үчүн 554,8 миң сомдук, Байгашка-Терек балдар бакчасын уюштуруу үчүн оңдоо иштери Мукур, Байгашка-Терек бала бакчаларын мебель, эмеректер менен камсыз кылуу үчүн 3083,2 миң сомдук долбоор жүзөгө ашырылган.
Айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн АРИСтин долбоору аркылуу жүктөгүч тракторун алууга бюджеттен 785,0 миң сом каралып, тендер өткөрүлүп, жүктөгүч алуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган.
Айыл өкмөтү апрель-июнь айларындагы сел жүрүүлөрдүн жана суу ташкындоолордун ыңгайсыздыктарын жоюу боюнча да активдүү аракеттерди көргөн. Суу алган көпүрөлөрдү оңдоодо , суу жээктерин габиондор менен бекемдөөдө жана «Сибирь» жарасы жайгашкан жерди селдин алып кетүүсүнөн сактап калууда көрүлгөн аракттер, бул иштерге ӨКМдин кызматын тартуу, алардан жардам алуу боюнча чоң аракеттер жасалган.
Бул багытта бюджеттен 460 миң сом жана жолдорду оңдоого каралган 150 миң сом, буга кошумча демөөрчүлүк жардамдардан түшкөн 270 миң сомдон ашык каражаттар жумшалган.
Айьш өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында салык жыйноо ишине жакшы аракеттер көрүлгөн. 2017-жылдын салык боюнча жылдык планы 83,65% га аткарылган. Ал эми 8айдын планы боюнча 2034,7 миң сом салык жыйналууга тийиш болсо, 2374,1 миң сом жыйналып, план 116,7% га аткарылган.
Натыйжада авто унаа салыгынан 205,2 миң сом жана лицензияны кармап туруу үчүн салыктан 51,6 миң сом кошумча каражат түшүрүлгөн. Буга кошумча мергенчилик инспекциясынан 70,0 мцң сом каражат которулган. Ушундай эле сатып алуулар боюнча «көмүр сатып алуу» беренесинен 200,0миң сом үнөмдөлгөн.
Жыйынтыгында салыктыи жылдык планынан 373,1 миң сом ашыкча каражат жыйналгандыгын эске алуу менен 573,1 мин сом каражатты кайрадан чыгашалар үчүн бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Айыл аймагындагы малдарды профилактикалык дарылоо иштери негизинен ветсервистин мал дарыгерлери тарабынан өз убагында аткарылган. Ал эми уйларды идентификациядан өткөрүүнүн биринчи этабы толук аткарылган.
Айыл өкмөтү тарабынан социалдык-маданий багыттагы иштерди уюштурууга жеткиликтүү көӊүл бурулган. Даталуу күндөргө карата тийиштүү иш ларалар үзгүлтүксүз өткорүлгон. Социалдык жактан коргоо муктаж жарандарга көңүл буруу маселеси мүмкүнчүлүккө жараша колго алынган. Авлетим айыл өкмөтүнүн жетекчилиги аппарат кызматчыларынын курамы менен биргеликте Щзүп жаткан алгылыктуу иштери менен катар бир топ кемчиликтерге жол берип иштеп агкандыктарын айылдык кеңештин сессиясы белгилейт.
Жаз мезгилиндеги сел жүрүүлөрдүн жана суу ташкындоолордун ыңгайсыздыктарын жоюу боюнча аткарылган иштерде инженердик-курулуштук көз караштын жана адистиктин жетишсиздиги суу жээктерин бекемдөөдөгү иштерди сапаттуу жүргүзүүгө кедергисин тийгизген. Айрым суу жээктери сапаттуу бекемделбей калган фактылар кездешет. Айрым жерлерге эки жолудан убара керчилик менен иш жүргүзүүгө туура келген учурлар бар. Аткарылган жумуштардын айкындуулугунун жетишсиздигинен улам, аларга тургундардын өкүлдөрүн жетишсиз катыштыруу, айрыкча айылдык депутаттардын катышуусу жетишсиз болгондуктан, жумшалган каражаттардын объективдүүлүгүнө күмөн саноого алып келген жагдайларга жол берилген.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын өткөн 2016-жыл үчүн берген отчётун бекитүү боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунда белгиленген кемчиликтерди четтетүүгө айыл өкмөт башчысы Н.Абдыраманов жеткиликтүү маани бербей жаткандыгы байкалат. Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имараттарды, курулмаларды эффективдүү башкаруу айыл өкмөт тарабынан колго алынбай келүүдө. Бул процесс аркылуу жумушчу орундарды түзүү маселеси айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү иши көңүлдөн сыртта калган.
Авлетим айылындагы таза суу системасын оңцоо боюнча эч кандай чара көрүлбөгөн жана проблема боюнча калууда. Мукур жана Байгашка-Терек айылдык китепканаларынын иштебей жаткандыгы айыл өкмөтүнүн өз функциясынын толук аткарылышына маани бербегендигин айгинелейт.
Январь айындагы тургундар менен жолугушуу учурунда алдыга коюлган айрым милдеттенмелер аткарылбай калуу коркунучунда турат. Байгашка-Терек ФАПы менен китепкананын чатырын оңдоо. Авлетим токой чарбасына милдеттендирилген болсо да, бул ишти аткаруу үчүн көзөмөлдүк кылуу, айыл башчылар аркылуу уюштуруу иштерин жүргүзүү унутта калып кеткен.
Бюджеттен каражат бөлүнгөн болсо да Мукурдагы «АРИС» тарабынан курулган мончонун имаратын китепканага өзгөртүп оңдоо иши токтоп турат.
Депутаттар жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан айтылган суроо-талаптардын, өтүнүчтөрдүн, сын-сунуштардын айрымдары аткарылбай келет.
Оут-Сайдын тургундары менен жолугушуу өткөрүү боюнча депутаттар Жоробеков Мунарбек менен Тургуналиев Кенжебектин суроо-талаптары аткарылган жок. Ушундай эле Жаңгактуу-Булак айылынын тургундарынын айыл башчы боюнча койгон талабы аткарылбай келет.
Мукур айылынын баш жагындагы трансформатордун кубаттуулугун чоңойтуу боюнча тургундардын өтүнүчү ушул күнгө чейин эске алынбай, тийиштүү жерлерге (РЭСке) маселе коюлбай келүүдө.
Айыл өкмөтү тарабынан нормативдик документтер менен иштөөгө да жеткиликтүү маани берилбейт.
Айылдык кеңештин VII чакырылышы 2016-жылдын апрель айынан бери чендик актыларды чыгарып келгени менен, бир жарым жылдын ичинде токтомдор юстициянын каттоосунан ото элек же болбосо айылык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор юридикалык күчкө ээ боло элек. Бул деген айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан ишмердиги мыйзамсыз дегендикти айгинелейт.
Айыл өкмөттүн жетекчилиги тарабынан айылдык аймактагы мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери менен кеңешмелерди өткөрүп, аларга көрсөтмө берүү, алардын өтүнүчтөрүн угуу иши колго алынбай келет.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иши боюнча айыл өкмөттүн башчысы Н.Абдырамановдун отчёту кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан сырттан инвестиция тартуу, өкмөттүк эмес уюмдар менен иштешип, долбоорлорду жүзөгө ашыруу, салыктык төлөмдөрдүн жыйналышын камсыз кылуу, табигат камсыздыктарын жоюу, социалдык-маданий тармактагы иштерди уюштуруу боюнча луп жаткан алгылыктуу аракеттердин бар экендиги белгиленсин.
3. Айыл өкмөттүн иши талаптагыдай деңгээлде уюштурууда;
- Муниципалдык менчиктерди эффективдүү башкаруунун колго албагандыгы;
- Менчиктеги мүлктөрдү туура пайдалануу аркылуу айыл өкмөттүн бюджеттик кирешеси жогорулатуу жана жумушчу орундарды түзүү маселелерине маани берилбегендиги;
- Депутаттар жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн сын-сунуштарын, өтүнүчтөрүн аткарууга жеткиликтүү көңүл бурулбагандыгы;
- Айыл аймактагы мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери менен мезгил-мезгили менен жолугушуулардын, кеңешмелердин өткөрүлбөгөндүгү;
- Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик актыларды мыйзамдаштыруу маселесинин өз учурунда каралбай келгендиги сыяктуу кемчиликтердин орун алгандыгы айыл өкмөттүн башчысы Н.А.Абдырамановго көрсөтүлсүн жана бул кемчиликтерди мындан аркы иш процессинде жоюу боюнча конкреттүү жана кечиктирилгис чараларды көрүү ага
(Н.Абдырамановго) милдеттендирилсин.
4. Орун алган кемчиликтердин жоюлушу боюнча көрүлгөн чараларга баа берүү 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн башчысынын отчётун угууда эске алынары айыл өкмөттүн башчысы Н.Абдырамановдун эсине салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Төрага | А. Шырдаков |