Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/4
Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылдык пландан ашыкча түшкөн төмөндөгү салыктын түрлөрүнүн:
- Жеке жактардын автотранспорт салыгына - 217200,00
- Лицензия үчүн төлөм - 51000,00
- Жаратылышты пайдалануу үчүн 25% - 70600,00
Жалпысы: 338000,00 сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына кошумча киргизилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарына тендер жарыялоонун жыйынтыгынан көмүрдөн (элемент 2224) үнөмдөлгөн 245200,00 сом жана жылдык пландан ашыкча аткарылган 338000,00 сом кошулуп,
жалпысы: 584000,00 сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнө кошумча смета менен №1-тиркемеге ылайык киргизилсин. (№1 тиркеме тиркелет)
3. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтом Www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А. Шырдаков |