Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/5
Авлетим айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 18 сандуу билдирүүсүн жана «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 18.09.2017-жылдагы №7 протоколуна ылайык Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим жайыт комитетинин 2017-жыл үчүн бекитилген бюджетинин «ар кандай чыгымдар» беренесинен (бөлүмүнөн) 3,0 (үч) мин, сом каражат «атайын техника» сатып алуу үчүн кошумча бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн каражатты максаттуу чыгымдоо жайыт комитетинин төрагасы Ж.Атеновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссияга (төрагасы Назаралиев Ж.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |