Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 4/9
Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 32,2 беренесине ылайык, Авлетим айыл өкмөттөрүнүн 2017-жылдын 19-сентябрындагы № 198 жана № 201 сунуштарынын жана айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 20-сентябрындагы №17 протоколунун негизинде Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, Авлетим айылынын тургуну Аманов Анарбайга «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Итагар айылынын айыл башчысы Алымкулов Ажибек Алишеровичке «Итагар айылынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
3. «Ардактуу жараны» деген наамдарды тастыктаган күбөлүк-баракчаны жана тулку бойго илинүүчү тасманы даярдап, Аманов Анарбайга жана Алымкулов Ажибек Алишеровго тапшырууну уюштуруу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.М.Шабдановго жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |