Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 5/1
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ө.Жолдошовдун жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Осмоналиевдин маалымдамаларын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде жалпысынан 46 имараттар жана курулмалар каттоодо турат. Алардын ичинен 13 мамлекеттик мекемелердин имараттары, 6 мектептин имараты ар кандай долбоорлор аркылуу курулган имарат жана курулмалар болуп саналышат.
Айыл өкмөтү тарабынан 46 имараттар жана курулма реестрге алынган. Ал эми имарат жана 4 курулма ар кандай объективдүү жана субъективдүү себептерден улам реестрге алынбаган боюнча каттоодо турат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жалпы билим берүүчү мектептердин, бала бакчанын, саламаттыкты сактоо (№6 - ҮБДТ, участкалык оорукана, ФАП) айылдык китепканалардын жана айылдык маданият үйүнүн имараттары максаттуу пайдаланылып жатат. Алардын жыл сайын күтүлүшү, учурдагы оңдоолордон өтүшү талаптагыдай.
Ал эми ар кандай долбоорлор аркылуу курулган Жаңгактуу-Булак айылындагы, Итагар айылындагы мончолордун, Авлетим айылындагы клубдун жер участогуна курулган имараттар Товар-Сайдагы устакана, Коргондогу устакана бир канча жылдан бери пайдаланылбай, ал тургай айрым имараттар максаттуу пайдаланылмак турсун, кароосуз абалда калтырылып, жараксыз абалга келип калган. Мындай имаратка Жаңгактуу-Булак айылындагы мончону кошууга болот.
Ушундай эле Коргон жана Товар-Сай айылдарындагы устакана үчүн салынган курулмалар иштебей турат жана алардын жер участокторунун менчик түрү аныкталбаган бойдон талаштуу абалда калган.
Муниципалдык менчиктеги айрым имараттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу багытында айыл өкмөтүнүн жетекчилиги талаптагыдай жана жетекчиликтүү иш жүргүзбөй жаткандыгын сессия баса белгилейт. Айрым объекттер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталып алынбастан жана менчиктештирүү программасын түзбөй эле айрым атуулдардын пайдалануусуна берилип кеткен фактылар кездешет.
Айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык менчиктердеги мүлктөрдү инвентаризациядан өткөрүү иши колго алынбаган. Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча жеке же юридикалык жактарга өткөрүп берүү, аны пайдалануунун тартиптери жана кызмат көрсөтүүнүн баалары боюнча контрактар айыл өкмөтү тарабынан түзүлбөгөн.
Эгерде бул эрежелерди жүзөгө ашырганда жана мүлктөрдү максаттуу жана эффективдүү пайдалануу иш аракеттерин жүргүзгөндө айылдык аймакта белгилүү санда жумушчу орундар пайда болмок жана жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшмөк.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттарды жана курулмаларды максаттуу жана эффективдүү пайдаланылышы жөнүндөгү айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ө.Жолдошовдун маалымдамасы көңүлгө алынсын.
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү башкарууда Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын талаптары толук эмес аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү максаттуу жана эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү:
- Мүлктөрдү (имараттарды жана курулмаларды) инвентаризациядан дайыма өткөрүп туру:
- Мүлктөрдүн реестрин толук түзүп чыгуу жана аны мүлктүн абалына жараша өзгөртүп түзүп туруу;
- КатТоого алынбаган, реестрге түшүрүлбөгөн мүлктөрдү 2018-жылдын 31-декарга чейин муниципалдык менчик укугун берүү менен (тийиштүү документтерди түзүү аркылуу) айыл өкмөтүнүн каттоосуна алуу;
- Муниципалдык менчикке алынбай туруп, реестрге киргизилбестен айрым атуулдардын пайдалануусуна берилип кеткен объекттерди мыйзамдуулукту сактоо менен документтештирүү маселесин чечүү;
- Мүлктөрдү пайдалануу укугун ижарага берүү аркылуу кошумча каражаттарды түшүрүү;
- Кароосуз калып, жараксыз абалга келген Жаңгактуу-Булак айылыдагы мончонун имаратын мындан ары кандай пайдалануу маселесин чечүү;
- Товар-Сайдагы ОРТ теле көрсөтүү боюнча имаратты мындан ары кандай пайдалануу маселесин чечүү:
- Товар-Сай жана Коргон айылдарыдагы устаканалардын жер аянттарынын талаштуу маселелерин мыйзамдын талабына ылайык келтирип, муниципалдык менчик укуктарын берүү менен каттоого алуу сыяктуу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун 3-пунктунда белгиленген иш мерчемдерди тез арада аткарууга алуу менен орун алган кемчиликтерди жоюп, аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу жазуу түрүндө билдирүүнү 2018-жылдын 31-декабрга чейин берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго жана анын орун басары А.Т.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Жолдошов К.Ө.)жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |